11:04
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

Кыргызстандын мүчөлүк акысын төлөгөн эл аралык уюмдардын тизмеси такталды

Кыргызстан мүчөлүк акысын төлөгөн эл аралык уюмдардын тизмеси такталды. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документте өлкө өткөн жыл үчүн мүчөлүк акысын жана үлүш акысын төлөгөн эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилет. Түзөтүлгөн тизме өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин каржылоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн кабыл алынды.

Пландалган төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2 миллиард 747,4 миллион сомду түзөт.

2025-жылы төмөнкү төлөмдөр жүргүзүлдү:

  • Түрк инвестициялык фонду — 1,575 миллиард сом;
  • Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы — 321,2 миллион;
  • Евразия экономикалык биримдиги — 275,2 миллион;
  • Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы — 124,7 миллион;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюму — 58,9 миллион;
  • ШКУнун катчылыгы — 37,5 миллион;
  • БУУнун терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгы — 36,2 миллион.
Эң көп окулган жаңылыктар