11:02
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

Бүгүн Улуттук китепканада жазуучу Төлөгөн Касымбековдун эскерүү кечеси өтөт

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Бүгүн, 3-февралда, Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдирди.

Маалыматка ылайык, «Рухту көтөргөн улуу жазуучу» аттуу иш-чарага жазуучунун балдары, туугандары, замандаштары, коомдук ишмерлер, акын, жазуучулар катышат.

Саат 10:00до баштала турган иш-чара китеп жана сүрөт көргөзмөсү менен ачылат.

Белгилей кетсек, Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда төрөлүп, 2011-жылы 16-июнда дүйнө салган. Сексен жылдык өмүрүндө онго жакын китеп жазып, улут адабиятынын алдыңкы катарындагы классиктердин катарына кошулган.

Эң көп окулган жаңылыктар