18:13
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Ош облусунда пара талап кылууга шектелген эки тергөөчү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун тергөөчүлөрү коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү К.у.О. атуу жарандан 3000 доллар талап кылган. Тагыраагы, милициянын капитаны ага карата 2024-жылы декабрында алдамчылык фактысы үчүн башталган текшерүү иштерин токтотуп берүүнү убада кылган.

Милициянын каптина О.Г. жана К.у.О.нун сүйлөшүүлөрүнө Араван райондук милициясынын тергөөчүсү, милициянын капитаны С.Н. ортомчулук кылган.

Атайын кызмат аталган милиция кызматкерлери 1 600 долларды алып жаткан жеринен колго түшүшүп, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилгенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар