11:41
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Президент Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын сайтына жарыяланды.

«Кыргызстандын православдык жарандарын ушул кубанычтуу жана жаркын майрам — Иса пайгамбардын туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бул майрам түбөлүктүү руханий баалуулуктардын — кайрымдуулук, жакынына болгон сүйүү, боорукердик жана жакшылыкка болгон ишенимди чагылдырып турат. Көптөгөн кылымдар бою Иса пайгамбардын туулган күнү адамдардын тынчтыкка, ынтымакка жана бири-бирин урматтоого болгон умтулуусун бекемдеп, адеп-ахлактык жаңылануунун булагы катары кызмат кылып келет.

Православ ишенимин кармангандар коомубуздагы конфессиялар аралык ынтымакты, руханий байлыкты жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошуп келет. Өлкөбүздүн жалпы келечеги үчүн өз ара түшүнүшүү, биримдик жана жаратуучулук идеалдарына берилгендигиңиздерди жогору баалайм.

Ушул жаркын майрамда сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалайм. Ар бир үйдө тынчтык, жылуулук, өз ара колдоо өкүм сүрсүн» — деп жазылган анда.

Эң көп окулган жаңылыктар