12:32
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Кыргызстанга Россиядан 651 миң орус тили окуу китептери жеткирилди

Кыргызстан Россиядан мурда түзүлгөн меморандумдун алкагында кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан адаптацияланган россиялык окуу китептеринин ири партиясын алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу китептерин берүү жөнүндө тиешелүү меморундум Кыргызстан менен Россиянын Агартуу министрликтеринин ортосунда түзүлгөн.

Окуу китептеринин жалпы нускасы 651 миңди түзөт. Китептер Россиянын аймагында басылып чыгып, Кыргызстанга толугу менен жеткирилди. Учурда окуу китептери кампаларга бөлүштүрүлүп, жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт.

Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептер үчүн төмөнкү предметтер боюнча даярдалган:

  • «Орус тили жана окуу»;
  • «Орус тили»;
  • «Орус адабияты»;
  • «Орус жана дүйнөлүк адабият».

Окуу китептери 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн ылайыкташтырылган жана белгиленген талаптарга ылайык тартылган эксперттер тарабынан тиешелүү экспертизадан өткөн.

Күн мурун Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге окуу китептерин өткөрүп берүү жөнүндө сертификатты тапшырды.

Бул эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кезектеги өнөктөштүктүн аяктагандыгын символдуу түрдө тастыктады.

Учурда 3-, 4-, 6-, 8- жана 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ыңгайлаштыруу (адаптациялоо) боюнча иштер башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар