16:56
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Коомдук тамактанууну текшерүү. «Дордой» базарында 29 мекеме жабылды

«Дордой» базарындагы коомдук тамактануучу жайларды рейддик текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталып, 29 мекеме жабылды. Бул тууралуу 24.kg агентигине борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, 27 субъектиге 171 миң сом айып салынган.

Буга чейин рейддик текшерүүлөр төрт ири базарда — Ош, Орто-Сай, Дордой жана Кудайбергендин айланасында жайгашкан мекемелерди камтыганы маалымдалган.

2025-жылдын алты айында Бишкектеги коомдук тамактануучу жайларга 11 миллион 662 миң сом айып салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар