Май майрамдарына байланыштуу Бишкекте 1-майдан 11-майга чейин Ала-Арча жаратылыш паркына № 1 автобус каттамы уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маршруттун акыркы аялдамалары Турдакун Усубалиев аянтында жана Ала-Арча жаратылыш паркында болот.
Жол кире накталай төлөнсө 50 сом, банк аркылуу төлөнсө 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт. Кошумчалай кетсек, «Ала-Арча» жаратылыш паркынын ичинде эки жаңы электроавтобус бекер иштейт.
Маалым болгондой, аталган каттам суюлтулган газ менен жүргөн заманбап 12 метрлик ISUZU автобустары менен каттайт.
Жол тыгындарын болтурбоо үчүн шаар мэриясы каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.