11:31
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Кыргызстан 2025-жылы алты көмөкчордон курууну пландоодо

Кыргызстан өз каражатына 2025-жылы 110 киловольттук жана 35 киловольттук алты көмөкчордонду курууну пландоодо. Бул тууралуу NESK ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кеп: Бишкек шаарындагы 110/10 киловольттук «Алтын-Казык» көмөкчордонунун экинчи кезектегиси;

Жалал-Абад областындагы 110/35/10 киловольттук «Дача» көмөкчордону: Баткен районундагы 110/35/10 киловольттук «Өнөр жай» көмөкчордону;

Нарын районундагы 110/35/10 киловольттук «Кур-Терек» көмөкчордону;

Нарын районундагы 35/10 киловольттук «Талды-Суу» көмөкчордону;

Ош областындагы 35 киловольттук «Абшир» подстанциясы.

Эскирген зымдарды СИП маркасындагы чыңалуусу 10 киловольт — 178 километр, чыңалуусу 0,4 киловольт — 410 километр болгон зымдарга өткөрүү менен жыгач таянычтарды темир-бетонго алмаштыруу пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG