Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 30-мартта белгиленет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Орозо айында мусулмандар 30 күн бою ооз бекитип, күндүз тамактанбайт. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат.
Орозо жыйынтыкталганда Орозо айт майрамы белгиленет. Бул күнү айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде окулат.