20:02
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Кызыл-Омпол кенин иштетүү кайсы баскычта экендиги айтылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Кызыл-Омпол титан-магнетит кенин иштетүүнүн азыркы этабы тууралуу брифингде айтып берди.

Ал өткөн жылы уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторий алынганын эске салды. Анда Жогорку Кеңеш муну уран, торий менен катар жер казынасында кездешүүчү титаномагнитти алуу максатында жасалып жатканын түшүндүрдү.

«2024-жылдын сентябрь айында «Кыргызалтынга» эки лицензия берилип, учурда ачык акционердик коом кошумча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, өнөктөштөрү менен биргеликте титаногнетитти тесттик режимде казып алууда. Тест режиминде титаномагнетитти бөлүүчү жабдууларды алдык», — дейт Медер Машиев.

Ал кошумчалагандай, титаномагнетитти бөлүү үчүн 5 участок бар, алардын ичинен бир гана титаномагнетит кени чалгындоодон кийин мамлекеттик бюджетке коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG