22:16
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Алайда мыйзамсыз менчиктештирилген дарыкананын имараты мамлекетке кайтарылды

Ошто мамлекеттик дарыкананын 455 чарчы метр имараты жана 0,15 сотых жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК шаарлардын жана райондук борборлордун мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган инфраструктуралык объекттерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында Алай районунун Гүлчө айылынын аймагында жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигине таандык болгон, 455 чарчы метр аянты, 0,15 сотых жер тилкеси менен мамлекеттик дарыкананын имараты убагында КР мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирилип кеткени аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада жогоруда аталган имарат жер тилкеси менен мамлекеттин балансына ыктыярдуу тартипте кайтарылды.

Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG