УКМК Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айыл өкмөтүндөгү бала бакчаны мамлекетке кайтарды.
2005-жылы аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Ош шаарынын мурдагы мэри Сатыбалды Чырмашев тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өткөн.
Көрүлгөн чаралардын негизинде Ысык-Ата району, Сын-Таш айыл аймагы, Новая көчөсү, № 19а үй дарегинде жайгашкан 0,53 га, пайдалуу аянты 1 миң 94 чарчы метр болгон бала бакчанын аянты мамлекеттин балансына кайтарылды.
Бала бакча 2025-жылдын 14-мартында «Мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндө» келишимге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлгөн.