Нооруз майрамынын урматына борбор калаанын төрт районунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Биринчи май районунда:
20-мартта Маевка жана Пригородный маданият үйүндө концерттик программа жана улуттук оюндар менен коштолгон иш-чаралар жана чыгармачыл топтордун катышуусунда маданий оюн-зоок программа өткөрүлөт.
21-мартта Жаштар сейил багында, Кут конушунда майрамдын урматына көргөзмөлөр, концерттер, спорттук мелдештер жана жалпы элдик майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Ленин району боюнча:
21-мартта «Чүкө» эс алуу борборунда, «Люкс» паркында, «Чоң-Арык» жана Киргизия-2 конуштарынын маданий борборлорунда Нооруздун урматына майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында «Сүмөлөк» улуттук тамак-ашын уюштуруу, концерттик программа жана улуттук спорт оюндары өтөт.
Ошондой эле бул күнү төмөнкү даректерде майрамдык иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда: Джунусалиев көч., 40, 40а, Айни көч., 31, Ахунбаев көч., 202, 204, Жаманбаев көч., 36, Жал-23, № 11,12,14,16, Ч.Айтматов проспектиси «Азия Молл» соода борборунун жанында, Тимирязев көч., 12 дарегинде.
Свердлов районунда:
20-мартта № 17 МАБнын аймагында, № 11 орто мектебинин спорт аянтчасында, № 19 МАБнын Учкун конушунда, «Аламүдүн» МАБнын жана № 21 МАБнын аймагындагы № 21 орто мектебинин аймагында «Эне-Сай» конушунда улуттук спорттук мелдеш өткөрүлөт. «Сүмөлөк», концерттик программа жана сый тамактар уюштурулат.
21-мартта Арбат аллеясында «Чыгыш-5» кичирайондо кийиз, чий-токуу, карапа жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардыгына акысыз мастер-класстарды уюштурат. Ошондой эле мольберттин жана комуздун көргөзмөсү № 18, № 19, 21-МАБында, Лебединовка МАБында, Төмөнкү Ала-Арча МАБда боз үй тигилип, таттуулар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук даамдардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь районунда:
2025-жылдын 21-мартында Ынтымак сейил багында боз үй тигилип, дасторкон, улуттук спорттук мелдештер жана мастер-класстар уюштурулган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. «Шайыр балалык», «NARK ART HOUSE» балдардын чыгармачылык борборлору жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт. Ошондой эле, майрамдын урматына Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жалпы элдик майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.