22:00
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

УКМК Бишкек шаардык кеңешинин депутатын кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаардык кеңешинин депутатын алдамчылыкка шектелип кармады.

Тергөө иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты М.у А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталып, ал 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган.

Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, 2025-жылдын 17-мартында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен «Эмгек» фракциясынын депутаты Амантур уулу Мусагул атайын кызматтын инициалдарына туура келет. Ошол эле учурда «Де-факто» гезитинин башкы редактору.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG