Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан учуп келген «Сомон Эйр» учагы «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Аны суу толкуну менен тосуп алышты.
Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, Кыргызстандан Тажикстандын Худжанд шаарына алгачкы техникалык рейс ушул жекшембиде, 16-мартта учат.
Эске салсак, тажик ММКлары Somon Air авиакомпаниясына шилтеме берүү менен эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдар 23-мартта башталып, жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү ишке ашырыларын кабарлашкан.
Учуу убактысы төмөнкүдөй болот:
Дүйшөмбүдөн — 10.30;
Бишкектен — 14.20.
Буга чейин президент Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы аба каттамдары 14-марттан тарта жанданарын билдирген. Анын айтымында, «Дүйшөмбү-Бишкек» жана «Бишкек-Ходжент» багыттары боюнча каттамдар пландалууда.