01:25
USD 87.45
EUR 91.64
RUB 1.01

Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-мартынан тарта башталат

Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-мартынан тарта башталат. Бул тууралуу «Ынтымак» фракциясынын жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдаштыруу процедурасы эки этапта өтөт. Биринчи этапта документтери бар, техникалык абалы жакшы болгон унаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта унаанын техникалык абалы жакшы, бирок документтери жок. Бузук унааларды мыйзамдаштырууга болбойт.

Депутат учурда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салынганын жана мындан ары өлкөгө алып кирүүгө болбой тургандыгын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG