21:46
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Президент экологиялык таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагында экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Долбоор жарандарды турак-жай менен камсыз кылууга, ички жана тышкы миграцияны кыскартууга, квалификациялуу кадрларды кармап калууга жана аймактардагы социалдык чыңалууну басаңдатууга багытталган.

Инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашыруу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1.Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында аянты 353,3 га экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу долбоорун ишке ашырууга киришсин.

2. Кемин районунун мамлекеттик администрациясы Кемин-Сити шаарынын курулушун ишке ашырууда бирдиктүү заказчы болуп аныкталсын.

3. КР министрликтери жана административдик ведомстволору, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

— Кемин районунун мамлекеттик администрациясына КР мыйзамдарынын алкагында зарыл болгон маалыматтарды берсин;

— Кемин-Сити шаарынын курулушун ишке ашырууда зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.

4. КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

— инженердик-геологиялык, топографиялык изилдөөлөрдү аткаруу боюнча долбоор алдындагы иштерди жүргүзсүн;

— Кемин-Сити шаарынын башкы планын иштеп чыксын жана министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин;

— Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте долбоорлонуучу Кемин-Сити шаарынын аймагында ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылсын.

5. Энергетика министрлиги Финансы министрлиги, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен биргеликте долбоорлонуучу Кемин-Сити шаарын энергия менен камсыз кылуу үчүн каражат тапсын жана тышкы электр тармактарынын курулушун камсыз кылсын.

6. КР министрлер кабинети:

— 2025-жылдын 1-июнуна чейин экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;

— экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана тиешелүү инвестициялык макулдашууга кол койсун;

— ушул жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG