Түркияда туризм тармагында иштөө үчүн кыргызстандыктар үчүн бош орундар бар. Чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарды бул өлкөгө жөнөтүү үчүн каттоо башталганын жарыялады.
Ведомствонун маалыматы боюнча, престиждүү Swandor Kiris, Swandor Topkapi жана Lykia World мейманканаларында төмөнкү кызматтарга 500 бош орун ачылууда:
официанттар;
кызматчылар;
конок менеджерлер;
аниматорлор;
ашпозчулар;
тазалоочу персонал.
Каалоочулар https://form.jotform.com/250282114049449 шилтемеси аркылуу онлайн катталса болот.
Талапкерлерге коюлуучу талаптар: Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 18 жаштан 45 жашка чейин; 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорттун болушу милдеттүү.
Көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген талапкерлер электрондук почта аркылуу маектешүүгө чакырылат. Ал 2025-жылдын 30-январында өтөт.