02:01
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Транспорт министрлиги: «Түндүк-түштүк альтернатива жолу майда ачуу пландалууда»

Түндүк-түштүк альтернативалык жолун 2025-жылдын май айында ачуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды
Жолдун узундугу 433 чакырым болсо, анын 200 чакырымга жакыны мурда жол жок болгон аймактарга төшөлгөн. Көк-Арт ашуусунда туннель курулуп, эки эстакадалык көпүрө да курулган.

Жол пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) барууга мүмкүн болору күтүлүүдө. Бул каттам өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган, ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүнү камсыз кылган маанилүү транспорттук артерия болуп калат деп белгилейт Транспорт министрлиги.

Эске салсак, аталган каттамдын курулушу 2014-жылы башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
14-февраль, жума