20:57
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Евразия экономикалык биримдиги: Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү

2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 828,5 миң адамды түздү. Мындай маалыматтар Евразиялык экономикалык комиссиянын материалдарында камтылган.

Ишке орноштуруу кызматына кайрылгандардын саны 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,2 пайызга азайганы белгиленген. Анын ичинде Россияда — 29,8 пайызга, Кыргызстанда — 21,3 пайызга, Арменияда — 10,9 пайызга, Белоруссияда — 7,1 пайызга төмөндөгөн.

. Евразия экономикалык биримдигинде жумушсуздардын саны 18,1 пайызга кыскарды. Кыргызстанда бул көрсөткүч 23,3 пайызга азайган. Ноябрдын аягында ишке орноштуруу кызматтарында 74,7 миң жаран катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG