05:00
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Кыргызстандын Улуттук банкы 100 пайыз кирешесин республикалык бюджетке которот

Улуттук банк 2024-жылдагы кирешесинин 100 пайызын республикалык бюджетке которот. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров 2023-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча Улуттук банк бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которгонун билдирди. 2024-жылы канча киреше тапканы азырынча белгисиз. Муну үстүбүздөгү жылдын февраль айынын биринчи он күндүгүндө аяктай турган аудит көрсөтөт.

Депутат Дастан Бекешев жок дегенде болжолдуу маалыматтарды айтып берүүнү өтүндү.

Мелс Аттокуров Улуттук банк 15 миллиард сомдон 20 миллиард сомго чейин которуш керек деп жооп берди. Бул акча, Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын айтымында, алтын жана чет элдик валютаны сатып алуу жана сатуудан түшкөн.

Дастан Бекешев «Керемет банкты» сатуудан Улуттук банк министрлер кабинетине 7 миллиард сом түшкөнбү жана бул акча жөнгө салуучу органдын кирешесине кошулабы деп сурады. Мэлс Аттокуров буга оң жообун берди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
14-февраль, жума