MBANK Башкармалыктын төрагалыгына Максатбек Ишенбаев дайындалды. Анын финансы секторунда, анын ичинде банктарды, камсыздандыруу жана лизингдик компанияларды башкарууда 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Бул тууралуу каржы институту билдирди.
Жаңы кызматка дайындалганга чейин Максатбек Ишенбаев МБАНКтын директорлор кеңешин жетектеп келген. Эми кеңештин төрагасы болуп Бактыбек Түмөнбаев, анын орун басары болуп Асел Кыргызбаева дайындалды. Азизбек Оморкулов да директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп төрт жылга шайланган.
MBANK менеджменттеги өзгөрүүлөр банкты андан ары өнүктүрүүгө жана анын рыноктогу позициясын бекемдөөгө багытталганын белгилейт.