Кыргызстанда мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тарта берели баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-январдан тарта STEM (химия, физика, биология, география) окутуучулары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технопаркында чогултулган ноутбуктарды ала башташат.
«Алтын Казык» программасынын алкагында 3400 даана ноутбук берүү пландалууда. Алар электрондук отчетторду даярдоо жана санариптик платформалар, анын ичинде"Санарптик кампа" жана «Электрондук күндөлүк» тиркемелери менен иштөө үчүн колдонулат.
Технопарктын директору Касымбек Келебаев эки күндүн ичинде 300гө жакын ноутбук чогултулганын билдирди.