Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Индонезиянын «Персита» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.
Буга чейин Тамирлан Козубаев Гонконгдун «Истерн» клубунда ойноп, 75 беттеш өткөрүп, 9 гол киргизип, 3 голго пас берген. Ал клубдун капитаны болгон жана 2023-2024-сезондун клубдун эң мыкты коргоочусу деп табылган. Ал бул клуб менен 2024-жылы өлкө кубогунун ээси болгон.
«Биз Тамирландын жетишкендиктери менен сыймыктанабыз жана ага жаңы клубунда ийгилик каалайбыз!» — деп белгиледи КФБ.