Жогорку соттун төрагасынын буйругу менен Таалайбек Абыкеев беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев жаңы төраганы куттуктап, мыйзамдын талаптарынын так негизинде иштөөнү тапшырды.
Таалайбек Абыкеев буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон. Ал 49 жашта.