13:51
USD 87.00
EUR 91.26
RUB 0.84

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Жайлообай Нышанов ант берди

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Жайлообай Нышанов ант берди. Ал «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде катталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-декабрдагы жыйынында ушул эле партиядан депутат Чынберди Төлөнов өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин, бош калган мандатты Жайлообай Нышановго берүү чечими кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. Жайлообай Нышанов

Эске сала кетсек, жасалма диплому аныкталгандан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болуп келген. Мындай чечимге экс-депутат сотко нааразы болуп, талабы канааттандырылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар