09:51
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Мыктыбек Абиров Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти болду

Мыктыбек Абиров Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти болду. Бул тууралуу КФБ сайтында маалымдалды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. Мыктыбек Абиров Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти болду

Ал биржа президентинин буйругу менен дайындалганы такталган.

Эске сала кетсек, Мыктыбек Абиров буга чейин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2019-жылдын сентябрында Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын ноябрь айында «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар