Кыргызстандын Жогорку соттун төрагасы кол алдындагыларды жарандарга орой мамиле кылбоого чакырды. Бул тууралуу Медербек Сатыев Түп райондук сотунун кызматкерлери менен болгон жолугушууда билдирди.
«Аппарат кызматкерлери сотко кайрылган жарандарга орой мамиле кылууну токтотуусу керек», — деди ал.
«Жарандар сотко кайрылганда алгач кеңсеге келип, жол-жоболор менен таанышып, суроолоруна жооп алышат жана өзүн туура алып жүрүүнү да билбеген сот кызматкерлеринин орой мамилесине көп кабылышат», — деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Жогорку Соттун төрагасы.
Ал кол алдындагыларга иш этикасы жана тартиби жөнүндө эскертип, ошондой эле дресс-коддун сакталышын белгиледи.