Баткен облусунун Лейлек районунда IT академиясынын филиалы ачылып, «Лейлекте жаша — бүт дүйнө менен иште!» аттуу маалыматтык технологиялар форумун өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Форумда сөз сүйлөгөн депутат Миргүл Темирбаева эң алыскы аймакта ачылып жаткан билим берүү мекемеси облустун тургундарына, өзгөчө аялдарга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын баса белгилеп, чоң-кичине дебей бул жерден билим алууга чакырды.
Ал эми Жогорку технологиялар паркынын директору Азиз Абакиров демилге көтөрүп, Лейлек районунда филиалдын ачылышына жардамчы болгон депутатка ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, «Баткен облусунда аялдар жана кыздар үчүн маалыматтык коммуникациялык технологиялар тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгү» долбоорунун алкагында 200 кыз-келин бекер билим алат. Долбоорго Германиянын кызматташтык (GIZ) уюму демөөрчүлүк кылып жаңыдан ачылган IT академиясынын филиалына 25 ноутбук белек кылды.