Бишкекте бир адам 12 миң доллар жоготту, аны «Унаа» ишканасынын кызматкерлери таап, ага кайтарып беришти. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин шаардык бөлүмүнөн билдиришти.
Белгиленгендей, окуя 28-ноябрь күнү зыяратчы күтүү залында сумкасын унутуп калган учурда болгон. Аны дагы бир келген киши таап, жумушчуларга берген.
Унаадан алар кишини бат эле таап, сумканы кайтарып беришти. Кийинчерээк анда унааны сатуудан түшкөн ири суммадагы акча бар экени белгилүү болгон.