20:49
USD 86.80
EUR 91.17
RUB 0.82

Дүйнө чемпионаты: Таяк тартыш боюнча Кыргызстандын курамасы 34 медаль жеңди

Бишкектеги «Газпром балдарга» спорт комплексинде таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Бул тууралуу аталган спорттун эл аралык федерациясы социалдык тармактарда билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага 22 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын Таяк тартыш боюнча Кыргызстандын курамасы 34 медаль уткан.

Мелдештер чоңдор, жаштар жана ардагерлер арасында өтүп, атамекендик спортчулар жалпы 7 алтын, 10 күмүш жана 17 коло медаль жеңди.

Абдел Есенгулов, Азиз Асанов, Адель Маданбаева жана Назия Майлибашева дүйнө чемпиону болушту.

Кыздар жана балдар үч алтын, үч күмүш жана тогуз коло байгеге ээ болушту. Чемпиондор Айганыш Каналбекова, Рамина Көчкөнбаева жана Рамил Карыбаев татыктуу болду.

Эң көп окулган жаңылыктар