Кой-Таштагы тополоң боюнча Бишкектин Биринчи Май сотуна УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев келди. Ал күбө катары көрсөтмө берет. Бул тууралуу УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Facebook баракчасына жазды.
УКМКнын мурдагы жетекчиси 2019-2020-жылдардагы Кой-Таш жана Октябрь окуялары боюнча журналисттерге комментарий берген жок.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү Бишкекте болгон тополоңдон кийин кылмыш иши козголгон. УКМК менен ИИМдин мурдагы жетекчилери Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиев кызматтан кетип, өздүк курамын таштап кетишкен. Экөө тең издөөгө алынганы маалым болгон, бирок тергөөчүлөр алардын кайда экени тууралуу маалыматы болгон эмес.