07:09
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Өзгөндө мектептин от казаны жарылды. Коопсуздук кызматкери жаракат алды

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жергиликтүү мектептин жылытуучу от казаны жарылганын ӨКМнын Ош облусу боюнча басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бир күн мурун, 20-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында болгон. № 20 А.Калмурзаев атындагы мектепте жылытуу от казаны жарылган. Окуу жайдын 35 жаштагы күзөтчүсү, ошол эле учурда өрт өчүрүүчү болуп иштеген кызматкерди чатырдын сыныктары басып калган.

ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгы билдиргендей, куткаруучулар келгенге чейин адам капкандан чыгарылып, ооруканага жеткирилген. Анын колу сынган.

Эң көп окулган жаңылыктар