16:57
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Абанын булганышы. Жогорку Кеңеште меш менен жылытууга тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкекте эки жылдан кийин мешке тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, аба ырайынын суук болушу менен жеке үйлөрдө мештер күйгүзүлүп, жеке сектордун абасы катуу булганууда.

«Парламенттин жыйындарынын биринде «Кыргызгаздын» өкүлү 2026-жылга чейин Бишкек толугу менен газдаштырылат деп убада берген. Бул процесс бүтөөрү менен жеке сектордо меш жылытууга тыюу салууну сунуштайм. Антпесе борбордун абасын тазалоо мүмкүн болбой калат», — деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-ноябрда Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде 24-орунда турган.

Эң көп окулган жаңылыктар