Кара-Балта шаарында реконструкциядан кийин жаңыланган сейил бак ачылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сейил бактын аянты 51 чарчы метрден ашык болгон, ага мамлекеттик акт түзүлгөн.
Жашылдандыруу иштеринин алкагында жарыктандыруу толугу менен жаңыланып, 58 жаңы чырак мамылары жана тегерек тосмо орнотулуп, фонтан жана үч эстелик реконструкцияланып, брусчатка жана асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулду. Азыр беш балдар аянтчасы, отургучтар жана таштанды челектери коюлду.