04:48
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө-сынак ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөнү ачып жатып министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова өлкөнүн маданий мурасын сактоого, искусствону жана жаш таланттарды колдоого салым кошкон көркөм демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери өлкөнүн маданий турмушунда чоң роль ойноп, өлкөнүн өткөнү менен келечегин байланыштырып, замандын духун чагылдырарын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар