18:30
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Бишкекте куралчан чет элдиктер бир адамдан 4,5 млн рубль акчасын тоноп кетишкен

Бишкекте укук коргоо кызматкерлери тарабынан куралдуу тоноочулук кылган эки чет элдик кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда Бишкектин борборунда эки адам тапанча менен А.Э аттуу жаранга кол салышкан жана андан 4,5 миллион рубль алып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси боюнча иш козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн тактап, кармашты. Алар чет элдик жарандар болуп чыкты, 34 жаштагы Д.Э. жана өз мекенинде издөөдө жүргөн 27 жаштагы М.У. Аларды кармоо учурунда алардан 3 миллион 686 миң рубль алынган. Алар СИЗОго киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар