00:03
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Алымкадыр Бейшеналиев: Аймактардагы дарыгерлер 100 миң сомго чейин айлык алышат

Кыргызстандын аймактарындагы дарыгерлер айына 100 миң сомго чейин алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Учурда депутаттар Айсулуу Мамашова жана башка эл өкүлдөрүнүн мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы бул демилгени колдой турганын белгиледи.

«Мыйзамга өзгөртүү киргизип койгула, анткени азыр ооруканаларда кландар иштеп жатат. Эртең менен медиктер бейтаптарды текшерип, түштөн кийин аларды жеке клиникаларына жөнөтүшөт. Биз муну токтотушубуз керек», — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов буга жооп кылып, бейтаптар мамлекеттик ооруканаларда керебеттин жетишсиздигинен, ал эми дарыгерлер айлык маянанын аздыгынан улам жеке менчик медициналык мекемелерге кайрыларын айтты. Ошондуктан ал дарыгерлердин соода мекемелеринде иштешине тоскоолдук кылууну туура эмес деп эсептейт.

«Республикада 20 жаңы оорукана курулуп жатат. Алар бир жылдын ичинде бүткөрүлөт. Ошондо биз бардык муктаждыктарды камсыз кылабыз. Аймактарда дарыгерлер 80 миң сомдон 100 миң сомго чейин алышат. Бизге азыр бир гана Ош менен Бишкектин айлык акысын көтөрүү керек. Биз министрлер кабинетине сунуш киргиздик», — деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, төрт мамлекеттик оорукананын жетекчисинин жеке менчик медициналык мекемелери бар. Коммерциялык клиникаларда 88 бөлүм башчы иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар