10:19
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кандай документтерге кол коюлду? Тизме

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-түрк биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— КР министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— КР министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосунда аудиовизуалдык кызматтарды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу;

— КР министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана Кыргызстандын жарандарын Түркияда медицина жана медициналык адистиктер жаатында окутуу жөнүндө макулдашуу;

— КР министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосунда жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу маселелери боюнча макулдашуу;

— КР Энергетика министрлиги менен Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Түркиянын Соода министрлигинин ортосундагы продукциянын коопсуздугу жана рынокту контролдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;

— КР Финансы министрлиги менен Түркиянын Казыналык жана финансы министрлигинин ортосундагы Меморандум;

— КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

— КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин Башкы катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркиянын Соода министрлигинин ортосундагы кинологиялык иш боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Протокол;

— КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркиянын президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгынын кеңсесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;

— Кыргызстан менен Түркиянын Архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;

— Түркиянын президентинин администрациясынын Финансы боюнча башкармалыгы менен КР Улуттук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда миграция жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— КР министрлер кабинети менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы коргоонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу — КР Коргоо министрлигинин линиясы боюнча;

— КР министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Түркияга болгон мамлекеттик тышкы карызын кечүү жөнүндө макулдашуу;

— КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Түркиянын аманат депозиттерин камсыздандыруу фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— КР Энергетика министрлиги менен «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААКнын ортосундагы гидроэлектрстанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алкактык макулдашуу.

Эң көп окулган жаңылыктар