05:49
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Режеп Тайып Эрдоган «Ата-Бейитке» гүлчамбар койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Ошондой эле Түркиянын президенти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, куран окулду.

Эң көп окулган жаңылыктар