Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары алкагында сүйлөшүүлөрү өттү. «Ынтымак Ордо» президенттик администрациянын имаратынын кире беришинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Андан ары эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды.