KICB убакытты текке кетирбөөнү жана учурдагы насыянын шарттарын жакшыртууга жана пайыздык чендерди төмөндөтүүгө жардам бере турган »Кайра каржылоо минус 5 пайыз” акциясынын алкагында уникалдуу мүмкүнчүлүктү пайдаланууну сунуштайт. Эгерде сизде башка микрокредиттик уюмдан насыя бар болсо, KICB төлөмдөрдү үнөмдөөгө жана кошумча жеңилдиктерди алууга мүмкүндүк берүүчү кыйла ыңгайлуу шарттарды сунуштайт.
«Кайра каржылоо минус 5 пайыз» акциясына катышуу үчүн сизде башка банктан же микрокредиттик уюмдан жылдык 30 пайыз же андан жогору пайыздык үстөк менен мөөнөтү өтүп кеткен карызы жок учурдагы кредит болушу керек. Эгерде сиздин учурдагы пайыздык чениңиз жылына 30 пайыздан төмөн болсо, KICB башка банк кызматтарын ыңгайлуу шарттары менен сунуштайт. Акция боюнча кредиттин максималдуу көлөмү 700 000 сом, максималдуу мөөнөтү 5 жылга чейин. Акция 2024-жылдын 31-декабрына чейин өтөт.
Кайра каржылоонун пайдасы эмнеде?
- Бул кыйла төмөн пайыздык чендер: Пайыздык ченди 5 пайызга төмөндөтүү сизге төлөмдөргө үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн берет.
- Ыңгайлуу шарттар: Кредитти кошумча артыкчылыктары менен сиздин учурдагы уюмдагыдай шарттарда тариздөөгө болот.
- Тариздөөнүн жөнөкөйлүгү: Биз билдирмени берүүнүн ыңгайлуу процессин жана бардык этаптарда жеке коштоону сунуштайбыз.
- Кредитти кредиттик линия түрүндө тариздөөгө болот: Сиз лимиттин алкагында ыңгайлуу болгондо, тез жана ашыкча түйшүксүз транштарды ала аласыз.
- Керектүү сумманы тез алуу жана биздин мобилдик тиркеменин жана банктык продукттардын бардык артыкчылыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
Биз менен байланышуунун бир нече жолу бар:
- Байланыш борборуна 0312 620101, +996553 620101, +996774620101, же whatsapp +9960704620101 телефондору аркылуу кайрылыңыз. Телефон номериңизди киргизиңиз, кредит боюнча адистер сиз менен байланышат. Жакынкы бирдикти тандоо үчүн жашаган жериңизди көрсөтүү маанилүү
- Биздин банктын жакынкы кеңсесине кайрылыңыз.
- Биздин сайтта онлайн билдирмени тариздеңиз жана адистерден кайтарым байланышты алыңыз.
- Акцияга KICBден кредит алган кардарлар катыша албайт. KICB өзүңүздүн кредиттик адисиңизге кайрылууну сунуштайт.
КРУБ лицензиясы №046.