Бишкектеги жаңы Чыгыш автобекетинде айдоочулар жана коноктор үчүн капсулдук мейманкана курулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ал жерде баалар башка жерлерге салыштырмалуу арзан.
«Биздин максатыбыз — айдоочулардын жайлуу жана ыңгайлуу болушун камсыз кылуу болуп саналат. Алар кайра энергия алып, эс ала алышат. Башында 50 капсул коюу пландалган, бирок биздин айдоочулар 150 капсул коюуну суранышты, анткени Ысык-Көлгө ошончо адам каттайт экен. Биз аларга арзандатып берүүнү чечтик», — дейт ишкер Бактыбек Мойдунов.