05:24
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Баялы Досалиев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды

 

Фото Баялы Досалиев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Досалиев Баялы Атамырзаевич Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Досалиев  буга чейин Каржы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп иштеген. Садыр Жапаровдун башка буйругу менен Камил Чоткараев Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар