16:20
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

ЖК депутаты күн катуу ысыганда жумуш күнүн кыскартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев эмгек кодексинин долбооруна аномалдуу ысыкта жумуш күнүн кыскартууну караган норманы киргизүүнү сунуштады.

Бул эл аралык практика экенин белгиледи.

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадяров белгилегендей, кодексте иш берүүчү өз кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү деп жазылган.

«Эки жыл мурун нормадан ашыкча жылуулук болгондо жумушчуларды ичүүчү суу менен камсыздоо иш берүүчүгө милдеттендирилип, 50 жаштан жогоркулар иш күнүн бир саатка кыскартышы керек деген буйрук чыккан. Бирок кодексте мындай норма каралган эмес», — деди ал.

Медер Алиев бул норманы киргизүүнү сунуштады, анткени ал улгайган жарандардын, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кан басымы бар адамдардын категориясына тиешелүү.

Жогорку Кеңеште Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү