Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада куттуктады.
Президент бул жөн гана мааракелик иш-чарасы эмес, бул мамлекеттүүлүгүбүздүн кызыкчылыгын ар дайым коргоп келген кыргыз дипломатиялык кызматынын тарыхынын маанилүү бөлүгү экендигин белгиледи.
Кыргыз дипломатиясынын тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен бирге тээ байыркы доорлордон бери келатат. Ошол мезгилдерде эле биз өзүнчө эл катары коңшу уруулар менен гана эмес, улуу империялар менен да мамиле түзүп, аскердик-саясий бирликтерди куруп, башка мамлекеттер менен келишимдерди түзгөнбүз.
Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки 10-кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган мааалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекеттери бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен.
Ал кыргыз дипломатиясы ошол элибиздин кылымдарды карыткан көөнө тарыхынын, даанышмандыгынын негизинде түптөлүп, өнүккөнүн баса белгиледи.
Мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаралган кырдаалдарда да кыргыз эли улуттук баалуулуктарынын негизинде дипломатиялык ыкмаларды билгичтик менен пайдаланып, эркиндиги менен эгемендигин, ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн сактап келгендигине тарыхый мисалдар арбын.
Алысты көрө билген ата-бабаларыбыз дипломатияда бүгүнкү күндө да кеңири пайдаланылып келаткан, союз же коалиция түзүү, компромиске келип сүйлөшүү, коңшулар менен тынчтыкта жашоо, ийкемдүүлүк, эки жакка тең пайдалуу өнүгүү сыяктуу ар кандай ыкмаларды колдонушканын жакшы билебиз. Муну дүйнөлүк маданияттагы орду бар улуу чыгармалардын бири «Манас» эпосубуздагы элибиздин айкөлдүгү, баатырдыгы менен катар дипломатиялык көз караштары чечүүчү роль ойногон окуялардан көрүүгө болот.
Садыр Жапаров учурдагы ургаалдуу геосаясий процесстердин таасири астында дүйнө ар кандай тарыхый сыноолорго дуушар болуп жаткан кезде бабаларыбыздан калган баалуу тажрыйбалар абдан маанилүү экендигин айтты.
«Азыркы кыргыз дипломатиясы өнүгүү жолунда бир топ кыйынчылыктар менен кошо байсалдуу жолдорду да басып өттү. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында антигитлердик коалиция фашисттик Германияны жеңе турганы белгилүү болгондо Бириккен Улуттар Уюмун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр күчөй баштайт. Мындай ыкчам иш-аракеттердин алкагында СССРдин бардык республикаларында Тышкы иштер боюнча элдик комиссариаттар түзүлгөн. 1944-жылдын 17-мартында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши Кыргыз ССРинин Тышкы иштер боюнча элдик комиссариатын түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Мына ушул жылдан тарта азыркы кыргыз дипломатиясы башат алган десек болот. Ошентип Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин түзүлүшү республикабыздын дипломатиялык кызматынын маанилүү тарыхый этабы болуп калды», -деп айтылат куттуктоодо.