19:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Эл үмүтү» стипендиясынын ээлери мамлекетте иштеши же акчасын кайтарышы керек

«Эл үмүтү» стипендиясынын ээлери чет өлкөлүк университеттерде окуусун аяктагандан кийин мамлекеттик кызматта иштөөгө же аларга жумшалган каражатты мамлекетке кайтарууга милдеттүү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлдөрү президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет элдик жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине конкурстан тышкары окууга киргизүүнү сунуштады.

Догдуркүл Кендирбаева сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда президенттик стипендиянын ээлери да Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик кызматта иштөөгө милдеттендирилгенин белгиледи. «Анткени билесиңерби, мурунку президенттердин тушунда алар да чет өлкөдөн адистерди даярдоого акча жумшашкан, бирок алар мекенине кайтып келишкен эмес», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар