18:27
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ӨКМ: Төө-Ашууда тыгын пайда болуп, миңге жакын унаа токтоп турат

Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымынан 132-чакырымына чейинки Төө-Ашуу ашуусунда чоң тыгын пайда болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, жол боюнда миңге жакын унаа токтоп турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тыгынга кардын жаашы жана муздар себеп болгон. Айрыкча айдоочулары кышкы шарттарга даярдалбаган жүк ташуучу унаалардын айынан жол кыймылы кыйындады. Көпчүлүгү жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырбай, абалды ого бетер курчуткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Кырдаалды турукташтыруу боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө.

Окуя болгон жерде куткаруу кызматтары: эки куткаруучу унаа, төрт КамАЗ, мобилдик башкаруу борбору, үч жүк ташуучу унаа жана куткаруучулар иштеп жатат. Сосновка жана Арал конуштарында жылытуу пункттары уюштурулуп, жарандар ысык тамак менен камсыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар