14:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

KICB чакан жана орто бизнес үчүн кредиттердин ченемин төмөндөтөт

KICB «Бизнес кредиттер» жана «Агрокредиттер» боюнча пайыздык чендерди бардык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн төмөндөтүлгөнүн кубануу менен билдирет.

Эгер сиз соода, өндүрүш, курулуш, кызмат көрсөтүү же башка тармактарда ишкердик менен алектенсеңиз жана айланма каражаттарды толуктоо, продукциянын ассортиментинин көбөйүшү, жаңы жабдууларды орнотуу же бизнес үчүн менчик жай алуу үчүн насыя керек болсо, ошондой эле эгер сиз айыл чарба тармагында иш алып барып жатсаңыз, айыл чарба техникасын сатып алгыңыз келсе, жыйналган түшүмдү кайра иштетүүнү же анын сактоосун төлөөнү пландап жатсаңыз, биздин акция тууралуу сөзсүз билүүңүз керек.

KICB кредиттеринин артыкчылыктары:

  • Ар бир кардарга жеке мамиле
  • Кредит жана күрөө боюнча ийкемдүү шарттар
  • Суранычтарды карап чыгуу мөөнөттөрүнүн кыскалыгы
  • Кредиттик продуктулардын кеңири тандоосу
  • Жашыруун комиссиялар жок

Биз улуттук валютада кредит боюнча пайыздык чендерди төмөндөттүк, бул биздин кредиттерди пайдалуураак жана жеткиликтүүрөөк кылат. Акция боюнча кредиттик пайыздык чен 24 айга берилген кредиттер үчүн колдонулат*.

*36 айга чейин насыялар үчүн кошумча 0,5 пайыз (3-жыл үчүн), 48 айга чейин кошумча 0,5 пайыз (ар бир кийинки жыл үчүн), 60 айга чейин насыялар үчүн кошумча 1 пайыз (3-жыл үчүн + 0,5%, 4-жыл үчүн + 0,5 пайыз, 5-жыл үчүн + 1 пайыз).

*натыйжалуу пайыздык чен 19,3 пайыздан башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар