Россиянын «Евразия» уюму Кыргызстанга 50 жаңы мектепке ылайык кичи автобустарын белекке берет. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мектеп транспорту өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү мекемелерине жөнөтүлөт.
Маршруттук таксилерди берүү мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында ишке ашат. Бул жол жетпеген аймактардагы мектеп окуучулары үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берет.
Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасы жогоруда аталган уюмдан 50 автоунаа алган. Ошентип, өткөрүлүп берилген унаалардын жалпы саны 100 бирдикти түзөт.